Тажикстан укук коргоо органдары «Хайр» футбол командасынын мурдагы оюнчусу Парвиз Турсуновдун экстрадициясын күтүшүүдө. Ал экстремизм айыбы менен эл аралык издөөгө алынып, Беларуста кармалган.
Тажикстан укук коргоо органдары «Хайр» футбол командасынын мурдагы оюнчусу Парвиз Турсуновдун экстрадициясын күтүшүүдө. Ал экстремизм айыбы менен эл аралык издөөгө алынып, Беларуста кармалган.
Тажикстан ИИМи 2018-жылы февралда Парвиз Турсуновго “экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Тажикстандык сакалчан футболчу эмне кылганы үчүн айыпталып жатканы так белгисиз. Тажикстан ИИМи экстрадиция үчүн керектүү документтерди Минскке жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.
2011-жылы Турсунов сакалы үчүн оюндан четтетилген. Ошондон бери ал үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмиратында жана Түркияда жашаган жана Европадан башпаанек суроого ниеттенип жүргөн. Парвиз Турсуновдун кармалганы тууралуу 23-сентябрда анын жубайы Сайёра Субхонова билдирген.
Анын айтымында, күйөөсүнүн Дубайдагы каттоо мөөнөтү аягына чыгып, убагында аны узарта албай калган, буга байланыштуу алар Түркияга барып, үч ай жашашкан. Ал жерде да каттоого туруу мүмкүн болбогондуктан, Алар Украина, андан ары Беларус аркылуу Европага кетүүгө аракет жасашкан. Бирок саякат Минстке үзгүлтүккө учураган.
«Парвиз тыюу салынган «Салафия» кыймылына тиешеси бар делинип, издөөдөгү кишилердин тимзесинде болгон. Күйөөм кармалгандан кийин Беларус укук коргоо кызматкерлери эч нерсе деп айтышкан жок, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк беришпеди. Мен күйөөмдү ошондон бери көрө элекмин. Телефонун жана буюмдарын беришти. Күйөөмдүн тагдыры тууралуу маалыматты кайдан аларымды сурасам, консулдукка кайрылуу керектигин айтышты. Так маалымат беришкен жок», - деди жубайы.
Парвиз Турсунов Тажикстан жогорку дивизионундагы «Хайр» (Вахдат) командасынын алдыңкы оюнчуларынын бири болгон. Оюндан четтетилген футболчу анда эч качан сакалын албай турганын айткан.