14-сентябрда Түркмөнстандын Дашөгүз облусундагы дүкөндүн алдында нанга кезекте турган адамдардын ортосунда жаңжал чыкты.
14-сентябрда Түркмөнстандын Дашөгүз облусундагы дүкөндүн алдында нанга кезекте турган адамдардын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.
«Дашөгүз шаарындагы аксакалдар коомунун үч мүчөсү кезексиз нан сатып алууга аракет кылганда, чогулгандар кыйкыра башташты. Алар өлкөнүн азыркыдай абалга кептелгенине карыяларды айыптап, бир сындырым нанга зар болуп жаткандыктарын айтышты», — деп билдиришти күбөлөр.
Азырынча аксакалдар коомунун аталган үч мүчөсүнүн ким экенин аныктап, алардан окуя боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Жергиликтүү байкоочулардын билдиришинче, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери түркмөн бийлиги «аксакалдар» институтун мамлекетти башкаруудагы маанилүү курал катары колдонуп келүүдө.
Быйыл июнда ун тартыштыгынан улам, Дашөгүз облусунун Болдумсаз районунда паспортун көрсөткөндөргө гана нан сатылып жатканы кабарланган.
Ал ортодо Түркмөнстандын мамлекеттик ЖМКлары өлкөдө уланып жаткан каатчылыкты жашырып, азык-түлүк жетиштүү экенин билдиришүүдө.