Грозный шаардык думасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы кызматына Ибрагим Закриев шайланды. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 27 депутаттын 23ү колдоду.
Грозный шаардык думасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы кызматына Ибрагим Закриев шайланды. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 27 депутаттын 23ү колдоду.
Закриев - Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун жээни (бир тууган карындашынын баласы). Буга чейин ал өлкөнүн Каржы министрлигинде, өкмөт аппаратында жана аймак башчысынын катчылыгында иштеп, биринчи вице-премьер кызматын аркалаган.
Чеченстанда жогорку кызматтарга Рамзан Кадыровдун туугандары менен айылдаштарын дайындоо нормага айланган. «Би-би-синин» орус кызматынын эсептөөсү боюнча ири чиновниктердин 23% өлкө башчынын айылдаштары, 12% достору менен туугандары.
Жалпы жогорку кызматтагы чиновниктердин арасында «Кадыровдун кишилери» көпчүлүктү — 65% түзүшөт.