8-июлда Өзбекстандын Аялдар комитетинин төрайымы жана вице-премьер-министри Танзила Нарбаева Самарканддагы милициядан жабыркаган аялдын үйүнө барды. Мурдараак Нарбаева ал аялдын укуктарын коргоону убадалаган.
8-июлда Өзбекстандын Аялдар комитетинин төрайымы жана вице-премьер-министри Танзила Нарбаева Самарканддагы милициядан жабыркаган аялдын үйүнө барды. Мурдараак Нарбаева ал аялдын укуктарын коргоону убадалаган.
«Вице-премьер-министр аялдын жашоо шарты менен таанышып, окуя кандайча болгонун жабырлануучунун өз оозунан укту. Ошол эле күнү Каттакургандык аялдын үйүндө оңдоо иштери башталып, айланасы тосула баштады», — деп жазышты жергиликтүү басылмалар.
Буга чейин Facebook социалдык түйүнүндө милиция тарабынан кордолгон аялга жардам берүү үчүн каражат чогултула баштаган. Жергиликтүү активисттер ал акчага ага дарбаза орнотуп беришти. Бул тууралуу журналист Керимберди Тухтамурадов өз баракчасы аркылуу билдирди.
Өткөн жумада «Азаттыктын» өзбек кызматынын өз булактары аялдын жакыр жашай турганын билдиришкен.
– Күйөөсү боор оорудан каза болуп калган. Ал жашап жаткан жерди үй деп айтууга да болбойт. Короосунда дарбазасы дагы, дубалдары дагы жок. Өтө кедей турат. Үйү айылдын четинде жайгашкан, – деп билдиришкен алар.
Самарканд облусундагы Каттакурган шаарынын милиция кызматкерлери жергиликтүү базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды жылаңач чечинтип, кордогондугу 4-июлда кабарланган.
Ал окуя тартылган видеону редакцияга жиберген укук коргоо кызматкери аялдан уурдалган акча табылбагандан кийин, милиционерлер анын кармалгандыгы тууралуу эч кандай кагаз толтурбастан эле, аялды коё беришкенин билдирди.
Аялдын кордолгону тартылган видео интернетке жарыялангандан кийин Каттакурган шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Санат Умаровго карата кылмыш иши козголуп, камакка алынган.