Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 229

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путин менен жолугушуусу 11-12-июлга белгиленген НАТОнун саммитинен кийин Хельсинкиде болушу мүмкүндүгүн билдирди.

 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путин менен жолугушуусу 11-12-июлга белгиленген НАТОнун саммитинен кийин Хельсинкиде болушу мүмкүндүгүн билдирди.

 

Трамптын айтымында, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө башка маселелер менен катар Сириядагы согуш менен Украина чыгышындагы абал талкууланат.

 

Буга чейин Орусия-АКШ саммитинин Финляндия борборунда өтүшү мүмкүндүгү тууралуу бир нече басылма өз булактарына таянып жазышкан. Башка маалымат каражаттары жолугушуу Венада өтөрүн билдиришкен. Бул маалыматтарды Вашингтон дагы, Москва дагы расмий ырастаган жок. Трамп менен Орусиянын жолугушуусунун датасы жана өтө турган жери тууралуу маалымат бүгүн, 28-июнда жарыяланат.

 

Буга чейин Дональд Трамп менен Владимир Путин эл аралык саммиттердин алкагында эки жолу жолугуп, телефон аркылуу кеминде сегиз жолу сүйлөшкөн. АКШ менен Орусия президенттеринин жеке жолугушуусу 2014-жылы Крым аннексиялангандан бери боло элек.