Бишкек, "САЯСАТ.KG". Мыйзам долбоору өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан сунушталган.

Греция парламенти жумуш берүүчүлөргө жумуш күнүн 13 саатка чейин узартууга уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу Athens News Agency жазды.

"Адилет иш бардыгы үчүн" деп аталган мыйзам долбоору өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан сунушталган. Добуш берүүдө 267 депутаттын ичинен 158и колдоп, 109у каршы чыккан.

Reuters агенттиги маалымдагандай, иш күнүн узартуу айына үч күн, ал эми жылына 37 күн менен гана чектелет. Ошондой эле мыйзам жумушчуларды ашыкча иштөөдөн баш тартканы үчүн жумуштан бошотууга тыюу салат.

Мыйзамдын кабыл алынышы коомчулукта нааразычылык жаратып, демонстрациялар менен коштолду. Нааразылар айлык акылардын өзгөрбөгөнүнө жана баалардын өсүшүнө каршы чыгышты.

Булак: koom.press