Бишкек, "САЯСАТ.KG". 64-мүнөттө Диас Төлөу эч кандай кагылышуусуз эле газонго кулап түшкөн.
Казакстандын 1-лигасында өткөн оюн маалында "Хан-Тенгри" футбол клубунун 19 жаштагы чабуулчусу Диас Төлөу каза болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Окуя 16-октябрда "Хан-Тенгри" менен "Экибастуз" командаларынын ортосунда өткөн 25-турдун беттешинде болгон. Оюн 4:0 эсебинде аяктаган. 64-мүнөттө Диас Төлөу эч кандай кагылышуусуз эле газонго кулап түшкөн. Аны дароо дарыгерлер караган, бирок тилекке каршы, жаш футболчу каза болгон.
Казакстандын футбол федерациясы бул маалыматты тастыктап, терең кайгыруу менен көңүл айтты:
"Жаш курагына карабай, Диас өзүнүн берилгендиги жана таланты менен айырмаланып турчу. Анын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы – орду толгус жоготуу", – деп жазылат федерациянын билдирүүсүндө.
Диас Төлөу Алматынын "Кайрат" клубунун тарбиялануучусу болгон. Учурдагы сезондо ал "Хан-Тенгри" клубунун курамында 25 беттешке катышып, 3 гол киргизип, 4 голдук пас берген.
Булак: koom.press