Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 468

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жер силкинүүнүн тереңдиги 21 чакырымды түзгөнү белгиленди.

Индонезиянын Сейсмология институтуна таянып, бүгүн, 16-октябрда өлкөдө күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Сарми шаарынан 61 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Жер силкинүүнүн тереңдиги 21 чакырымды түзгөнү белгиленди.

Азырынча кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу расмий маалымат жок. Бийлик аймактагы кырдаалды көзөмөлдөп, жер титирөө кайрадан болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

Булак: koom.press