Бишкек, "САЯСАТ.KG". Маркум буга чейин өлкөнүн тышкы иштер министри кызматын аркалаган.
Непалда нааразылык акциялары күчөп, мурдагы премьер-министр Шера Бахадур Деубанын жубайы Арзу Рана Деуба каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, митингчилер экс-премьердин үйүнө кол салып, Арзу Рана Деубаны катуу сабашып, андан соң үйүнүн ичине камап өрттөшкөн. Ал оор күйүктөрдү алып, ооруканада каза болгон. Маркум буга чейин өлкөнүн тышкы иштер министри кызматын аркалаган.
Шера Бахадур Деуба митингчилер үйгө киргенге чейин сыртка чыгарылып, канга боёлгон абалда милиция тарабынан куткарылганы айтылууда.
Белгилей кетсек, 4-сентябрдан бери Непалда бир катар социалдык тармактарга киргизилген чектөөлөр коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, массалык митингдерге алып келген. Катмандудагы парламент имаратынын алдына миңдеген адамдар чогулуп, өкмөттүн отставкасын талап кылышкан.
Митингчилер президенттин резиденциясын жана премьер-министр Шарма Олинин Балкот шаарындагы үйүн өрттөшкөн. Ошондой эле бир нече министрлердин жана саясатчылардын резиденциялары да жабыркаган.
Булак: koom.press