Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 417

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Лекорню Францияда Макрон дайындаган жетинчи премьер-министр болуп калды.

Макрон Франциянын жаңы премьер-министрин дайындады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Франциянын президенти Эммануэль Макрон коргоо министри Себастьян Лекорнюну премьер-министрлик кызматка дайындады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жаңы өкмөт башчыга парламент менен диалог жүргүзүү, бюджетти кабыл алдыруу жана министрлер кабинетинин курамын сунуштоо милдеттери жүктөлдү.

Себастьян Лекорню 1986-жылы туулган. Ал 19 жашында саясатка аралашып, 27 жашында Вернон шаарынын мэри болгон. Карьералык жолунда төмөнкү кызматтарды аркалаган:

- 2017-жылы — мамлекеттик катчы,  

- 2018-жылы — аймактар боюнча министр,  

- 2020-жылы — деңиз аймактары боюнча министр,  

- 2022-жылы — коргоо министри.

Лекорню Францияда Макрон дайындаган жетинчи премьер-министр болуп калды. Ал бул кызматка парламентте ишеним добушун жоготкон Франсуа Байрунун ордуна келди.

Булак: koom.press