Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жолугушууда тараптар аймактагы абалды талкуулап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин 9-октябрда Тажикстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин билдирди.
Анын айтымында, сапар эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүдө маанилүү этап болуп, аймактык коопсуздук жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жолугушууда тараптар аймактагы абалды талкуулап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Путиндин Тажикстанга сапары өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жана аймактагы туруктуулукту камсыздоого салым кошот деп күтүлүүдө.
Булак: koom.press