Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 00:27де болгон.

Түркия менен Грециянын аймагына чектеш Эгей деңизинде күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) расмий сайтында маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 00:27де болгон. Анын очогу Эгей деңизинин тереңинде — Измир шаарынын Чешме районунан 183 чакырым алыстыкта, 7 чакырым тереңдикте жайгашканы айтылды.

Ал арада Грециянын сейсмологиялык кызматтары силкинүүнүн очогу Эвбея (Эгрибоз) аралында болгонун кабарлап, анын таасири Афина шаарында да күчтүү сезилгенин билдиришти.

Азырынча жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалыматтар жок. Тийиштүү мекемелер кырдаалды көзөмөлгө алып, текшерүү иштерин улантууда.

Булак: koom.press