Бишкек, "САЯСАТ.KG". Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалыматтар катталган

жок.

Түркиянын батыш тарабында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа–Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун маалыматына таянып, РИА Новости билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, жер титирөөнүн борбору Балыкесир провинциясынан 58 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Аталган жерде 238 миңдей адам жашайт. Очогунун тереңдиги 8 чакырым болгону айтылат.

Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалыматтар катталган жок.

Булак: Кабар