Бишкек, "САЯСАТ.KG". "Бул мүмкүнчүлүк бизнес, туризм, туугандар жана достор менен жолугушуу, ошондой эле маданий жана башка алмашуу сапарлары үчүн берилет"
Ушул жылдын 15-сентябрынан тарта Орусиянын кадимки (жөнөкөй) паспорт ээси болгон жарандары Кытай Эл Республикасына визасыз кирип, өлкө аймагында 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякунь билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
Анын айтымында, визасыз режим 2026-жылдын 14-сентябрына чейин сыноо тартибинде иштейт.
"Бул мүмкүнчүлүк бизнес, туризм, туугандар жана достор менен жолугушуу, ошондой эле маданий жана башка алмашуу сапарлары үчүн берилет", — деп айтылат расмий маалыматта.
Эскерте кетсек, учурда дипломатиялык жана кызматтык паспорттору бар орусиялыктар үчүн Кытайга визасыз режим буга чейин эле каралган.
Визасыз кирүү тууралуу макулдашуу Кытай менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана жарандардын жүрүп-турмасын жеңилдетүү максатын көздөйт.
Булак: koom.press