Бишкек, "САЯСАТ.KG". Окуя Замфарадагы Бирнин Магажи аймагында катталган.
Нигериянын түндүк-батышындагы Замфара штатында жүргүнчү ташып бараткан кайык дарыяга чөгүп кетип, 13 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя Замфарадагы Бирнин Магажи аймагында катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жергиликтүү тургундар куралчан топтордун чабуулдарынан качып бара жатып, кырсыкка кабылышкан.
Учурда 22 адам дайынсыз болуп жатканы кабарланды. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, издөө-куткаруу иштери уланууда жана каза тапкандардын саны дагы өсүшү мүмкүн.
Нигерияда жаан-чачын мезгили жүрүп жаткандыктан, дарыяларда жана көлдөрдө кайык кырсыктары тез-тез катталууда.
Булак: koom.press