Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 553

Жарыктандыруу саат 22:30да башталып, 15 мүнөткө созулат.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата 31-августта Ниагара шаркыратмасы кызыл жана сары түстөр менен жарыктандырылган. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

31-августта Ниагара шаркыратмасы Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлот Жарыктандыруу саат 22:30да башталып, 15 мүнөткө созулат. Муну Канада тараптан да, Америка тараптан да көрүүгө болот. Канадада жашаган кыргызстандыктар үчүн Түштүк-Чыгыш Flagpole аймагында жолугушуу уюштурулат. Анда Кыргызстандын гимни, «Кара-Жорго» флешмобу, улуттук аспаптарда музыкалык номерлерди тартуулоо пландалып жатат.

Иш-чара Монреалдагы кыргыз диаспорасы KG Québec-communauté kirghiz жана Niagara Parks администрациясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Булак: 7 канал