Бишкек, "САЯСАТ.KG". Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иши козголду.
Кечээ, 25-августта Алматы аэропортунун Т-1 терминалында өзүн өрттөгөн эркек киши №4 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер анын абалын өтө оор деп баалашты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Окуя учурунда полиция жана коопсуздук кызматтары өрттү өчүрүп, тез жардам чакырган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иши козголду. Соцтармактарда тараган видеодо бейсболка кийген адам касса жанында туруп, андан соң күйүп чыкканын көрүүгө болот.
Булак: koom.press