Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 495

Бишкек, "САЯСАТ.KG". АКШ президенти Дональд Трамп үч мамлекеттин башчыларынын катышуусунда саммитти кийинки жума күнү, 22-августта өткөрүүнү көздөөдө.

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу маселесин талкуулоо үчүн украин лидери Владимир Зеленский жана европалык жетекчилер менен жолугушту, деп жазат DW.

Жолугушууга Украинанын президенти Владимир Зеленский, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Италиянын премьер-министри Джорджия Мелони, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте катышты.

Зеленский америкалык президент менен болгон баарлашууну жогору баалады: «Биз президент Трамп менен абдан жакшы сүйлөштүк, бул эң мыкты сүйлөшүү болду — ой, кечиресиз, балким, эң мыктысы алдыдадыр».

Украинанын лидеринин айтымында, жолугушууда Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери талкууланды.

АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский жана европалык лидерлер менен Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдү абдан жемиштүү деп атады жана Россиянын лидери Владимир Путиндин Киев режиминин башчысы менен жолугушуусуна даярдыктар көрүлүп жатканын билдирди.

«Менин оюмча жолугушуу абдан жемиштүү жолугушуум болду… Анын жүрүшүндө биз Америка Кошмо Штаттары менен координация жүргүзүп ар кандай европалык өлкөлөр тарабынан Украинага бериле турган коопсуздук кепилдиктерин талкууладык», — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагында.

АКШ президенти Ак үйдөгү сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин россиялык кесиптешине телефон чалып, «президент Путин менен президент Зеленскийдин ортосундагы жолугушууга даярдыктарды баштаганын, анын орду аныктала турганын» билдирди.

Зеленский менен сүйлөшүүлөрдүн алдында бир нече саат калганда Трамп Украинадагы тынчтык боюнча кезектеги билдирүүсүн жасаган.

«Украинанын президенти Зеленский кааласа, Россия менен болгон согушту дээрлик дароо токтото алат, же болбосо андан ары согуша алат. Баары кантип башталганын эстегиле. Обама берген Крымды кайтарууга мүмкүн эмес (мындан 12 жыл мурун, бир дагы ок атылбастан!) — жана УКРАИНАНЫН НАТОГО КИРГЕНГЕ ЖОЛ ЖОК. Кээ бир нерселер эч качан өзгөрбөйт!!!» — деп жазды ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына.

АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский Крымды кайтарып алуу талабынан жана НАТОго кирүү ниетинен баш тартса, Украинадагы согушту токтото алат деп билдирди. Америкалык чиновниктер дагы Украина тынчтыкка жетүү үчүн жол берсе, коопсуздуктун так кепилдиктерин ала алат деп түшүндүрүшүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Х социалдык тармагында америкалык лидер Дональд Трамптын Крымга болгон дооматтардан баш тартуу чакырыгына жооп берди.

«Крымды ошол кезде (2014-жылы. – Ред. эскертүүсү) бербеш керек эле», – деп айтылат жарыяда. Анын айтымында, Украина жаңжалды тез жана аяктоого умтулат. Мындан тышкары, Зеленскийдин пикиринде, тынчтык узак мөөнөттүү болушу керек.

Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдө Киевдин аймактарды тапшыруу маселеси көтөрүлгөн жок, АКШнын президенти Дональд Трамптын компромисске чакырганына карабастан. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон европалык лидерлердин Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусунан кийин журналисттерге билдирди. Журналисттердин Трамп АКШ Украинага кандайдыр бир коопсуздук кепилдиктерин бергенге чейин жеңилдиктерге баруу зарылдыгы жөнүндө айттыбы деген суроосуна Макрон: «Жок, бул такыр талкууланган жок. Биз андан алыспыз», — деп жооп берди.

АКШ президенти Дональд Трамп үч мамлекеттин башчыларынын катышуусунда саммитти кийинки жума күнү, 22-августта өткөрүүнү көздөөдө.

Булак: govori.tv