Бишкек, "САЯСАТ.KG". ЖЭБде оңдоо иштерин жүргүзүүгө жооптуу болгон курулуш-монтаждоо участкасынын башчысын жана прорабын камакка алды.

Россиянын Владивосток шаарында адам өмүрү кыйылган кырсыктан Кыргызстандын жарандары жаракат алышты. Окуя  14-августта болгонун «Владивосток Онлайн» басылмасы Тергөө комитетиндеги булактарга таянып билдирди.

Бул күнү жергиликтүү ЖЭБде оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан. Ошол учурда курулуш конструкциясы урап түшүп, 3 жумушчу 8 метр бийиктен кулап каза болгон. Бул конструкция кыргызстандыктардын үстүнө кулап, алар Владивосток шаарындагы №2 клиникалык ооруканага жеткирилди.

«Жабырлануучулардын бири Владивосток шаарындагы №2 клиникалык оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Экинчи бейтаптын абалы орточо оор, ал нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда», - деп жазды жалпыга маалымдоо каражаты.

РФ Тергөө комитетинин Приморье крайы боюнча башкармалыгы Владивосток шаарындагы ЖЭБде оңдоо иштерин жүргүзүүгө жооптуу болгон курулуш-монтаждоо участкасынын башчысын жана прорабын камакка алды.

Алар этиятсыздыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген коопсуздук эрежелерин бузууга шектелүүдө.

Булак: Баракелде