Бишкек, "САЯСАТ.KG". Чектөө июль айында киргизилип, 2025-жылдын 31-августуна чейин белгиленген болчу.
Орусия бензинди экспорттоого толук тыюуну узартты. Эми чектөө сентябрь айында дагы күчүндө болот, ал эми октябрь айында бул чектөө нефтепродуктыларды өндүрүүчүлөр үчүн колдонулат. Бул тууралуу вице-премьер Александр Новактын жетекчилиги астындагы ички нефтепродуктылар рыногундагы кырдаалды талкуулаган штабдын жыйынтыгында өкмөттүн билдирүүсү жарыяланды, деп кабарлайт «Ведомости».
Чектөө июль айында киргизилип, 2025-жылдын 31-августуна чейин белгиленген болчу. Октябрда ал нефтепродуктыларды өндүрүүчүлөр үчүн күчүндө болот.
Эксперттер күйүүчү майдын экспортуна тыюу салуунун узартылышын биржалык баалардын өсүшү жана сезондук суроо-талаптын жогору болушу менен байланыштуу логикалык кадам деп эсептешет. Алардын божомолу боюнча, сентябрда суроо-талап жана баалар төмөндөйт, ал эми октябрда чектөө алынышы мүмкүн.
Булак: koom.press