Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бийлик өкүлдөрү каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн деп кооптонууда.

Индиянын Жамму жана Кашмир аймагындагы Киштвар районунда катуу жааган жамгырдан кыштакты суу каптап, 50 киши каза болуп, 100гө жакыны жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, 50дөн ашуун адам дайынсыз болууда. Каза болгондордун көбү Чосити кыштагынан индустардын Мачаил Мата храмына бара жаткан зыяратчылар. Премьер-министр Нарендра Моди кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаан башталганда суу деңгээли кескин көтөрүлүп, бир нече секунд ичинде элди сел агызып кеткен. Бийлик өкүлдөрү каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн деп кооптонууда.

Булак: koom.press