Бишкек, "САЯСАТ.KG". Буга чейин Кабулдагы мындай салондордо 60 миңге жакын аял иштеп келген.
Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарында аялдарга арналган сулуулук салондору кеңири масштабда жабылууда. Бул тууралуу жергиликтүү Tolo News басылмасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жүздөгөн сулуулук салондорунун ишмердүүлүгү токтотулуп, жабдуулары талкаланган же тартып алынган. Күбөлөр талибдер имараттарды текшерип, эгер аялдарга кызмат көрсөткөн салон табылса, аны дароо бузуп жатканын билдиришүүдө.
Эксперттер мындай аракеттерди аялдарды коомдук жана экономикалык турмушка катышуудан четтетүү саясатынын бир бөлүгү катары баалап жатышат. Айрым маалыматтарга ылайык, буга чейин Кабулдагы мындай салондордо 60 миңге жакын аял иштеп келген.
Булак: koom.press