Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 720

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жолугушууга байкоочу катары Малайзия, АКШ жана Кытайдын өкүлдөрү да катышкан.

пресс-службы правительства Таиланда

Таиланд менен Камбоджа чек арадагы куралдуу кагылышууларды токтотуу максатында 13 пункттан турган макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Жолугушууга байкоочу катары Малайзия, АКШ жана Кытайдын өкүлдөрү да катышкан. Макулдашууга ылайык, эки тарап чагымчыл аракеттерден карманып, кошумча аскер күчтөрүн жайгаштырбоого жана чек арадагы аскердик аймактарда дипломатиялык байланыш түзүүгө макул болушту.

Мындан тышкары, согуш туткундары ок атышууну толук токтоткондон кийин мекенине кайтарылары белгиленди. Келишимдин аткарылышын байкоо үчүн убактылуу көзөмөлдөө тобу түзүлөт.

Эске салсак, 24-июлда Таиланд менен Камбоджа ортосундагы тарыхый храмдарга байланыштуу талаш кайрадан чек арадагы куралдуу кагылышууга алып келген. Пра Вихеар жана Та Моан Тхом аттуу храм комплекстерине ээлик кылуу талашы бир кылымдан бери уланууда.

Булак: koom.press