Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 506

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Россиялык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүүдө, кыргыз диаспорасы менен тыгыз кызматташуу жүргүзүлүүдө. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиядагы мигранттар үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрына чейин өзүнүн укуктук макамын жөнгө салууга милдеттүү экенин эскертти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тийиштүү талаптарды өз убагында аткаруу миграциялык режимди бузуу менен байланышкан терс кесепеттерди алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.

"Министрлик мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү жана ыкчам маалымат берүү максатында Кыргызстандын Россиядагы мекемелери менен тыгыз иштешип, машстабдуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кыргызстандык мигранттар жыш жайгашкан аймактарга үзгүлтүк барып жатканын белгиледи. Россиялык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүүдө, кыргыз диаспорасы менен тыгыз кызматташуу жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, мекеме расмий интернет-ресурстар, социалдык тармактар аркылуу маалыматтык материалдар жана видеороликтер үзгүлтүксүз таратылып жатканын кошумчалады.

Булак: koom.press