Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда бул аймактарда гуманитардык жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат.
Пакистанда июнь айынан бери токтобой жааган катуу муссон жамгырлары жана суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун саны 299 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 26-июндан бери болгон нөшөрлүү жаан-чачындардан улам 140 бала каза болуп, 715тен ашуун киши жаракат алган. Ошондой эле 1 676 турак жай жабыркап, алардын 562си толугу менен кыйраган.
Кырсыктан жабыркаган 2 889 адам коопсуз жайга эвакуацияланган. Учурда бул аймактарда гуманитардык жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат.
Булак: koom.press