Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жер титирөөлөрдүн күчү 5,0; 5,3 жана 5,8 баллды түзгөн.
1-августта Камчатка жарым аралынын жээгинде магнитудасы 5 баллдан жогору болгон үч жер титирөө катталды. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизика кызматынын Камчаткадагы филиалы маалымдады.
Маалыматка ылайык, сейсмикалык окуялар Бишкек убактысы боюнча саат 02:31ден 02:59га чейин болгон. Жер титирөөлөрдүн күчү 5,0; 5,3 жана 5,8 баллды түзгөн. Силкинүүлөрдүн очогу Петропавловск-Камчатский шаарынан орточо 200 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Цунами коркунучу жарыяланган эмес.
Эскерте кетсек, 30-июлда Камчаткада 8,7 баллдык күчтүү жер титирөө катталып, аймакта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.
Булак: koom.press