Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 504

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда полиция окуяны иликтеп, аял психикалык ооруканада каттоодо турганы белгиленди.

30-июль күнү Казакстандын Павлодар шаарында көп кабаттуу үйдөн аял эки баласын ыргытып жиберип, андан соң өзү да терезеден секирди. Окуя саат 13:00 чамасында катталды.

Жабыркагандар:

- 1,5 жаштагы бала — абалы өтө оор, клиникалык өлүм абалынан жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Баш сөөгүндө көп сандагы сынык жана мээ жаракаттары аныкталды.

- 5 жаштагы бала — баш сөөгүнөн жана жамбаш сөөгүнөн жаракат алган, ички органдары жабыркаган. Ал да жандандыруу бөлүмүндө.

- Аял — оор абалда, кол-буттары сынып, баш сөөгүнөн жабык жаракат алган.

Павлодар облусунун балдардын укуктары боюнча өкүлү Сауле Шакенева окуя болгон учурда үйдө башка эч ким болбогонун маалымдады. 

Учурда полиция окуяны иликтеп, аял психикалык ооруканада каттоодо турганы белгиленди. Ага “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” жана “Өз жанын кыюу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: koom.press