Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 412

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жергиликтүү тургундарга коопсуз жайларга чыгып туруу сунушталууда.

Бүгүн, 30-июлда Орусиянын Петропавловск-Камчатский шаарына 150 чакырым алыстыкта күчү 8,7 магнитудага жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Камчатка жээгинде болгон табигый кырсык цунамидин жаралышына алып келип, Түндүк-Курильск портун жана “Алаида” балык чарбасын каптаган. Толуктары 4 метрге чейин жеткени кабарланууда.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир нече имарат жабыркаганын билдирсе, Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандардын абалы канааттандырарлык экенин маалымдады.

Ошондой эле Курил аралдары жана Япониянын айрым жээк аймактары үчүн да цунами коркунучу жарыяланды. Жергиликтүү тургундарга коопсуз жайларга чыгып туруу сунушталууда.

Булак: koom.press