Бишкек, "САЯСАТ.KG". Камалгандардын бири Бурса шаарында чыккан токой өртүнө тиешеси бар экени айтылууда.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жайкы токой өрттөрүнө байланыштуу 40ка жакын адам камакка алынганын билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Президенттин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө чыккан токой өрттөрүнүн 96 пайызы адам факторуна байланыштуу. 1-июндан бери 149 адам кармалып, алардын 38и камакка алынган. Калган 61 адамга соттук көзөмөл чарасы колдонулган.

Камалгандардын бири Бурса шаарында чыккан токой өртүнө тиешеси бар экени айтылууда.

Эрдоган Түркия токойлорду коргоо багытында активдүү иш жүргүзүп жатканын белгилеп, 2020–2024-жылдары өлкөдө токой жоготуулары башка бир катар өлкөлөргө салыштырмалуу аз болгонун кошумчалады. Мындан тышкары, Түркия Жер Ортолук деңиз аймагындагы мамлекеттердин ичинен эң көп өрт өчүрүүчү учактарга ээ экени да айтылды.

Булак: koom.press