Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 624

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул акчаны Кореяда мыйзамдуу иштеп, пенсиялык төгүмдөрдү жүргүзгөн жарандар гана ала алышат.

Түштүк Кореяда расмий иштеп келген Кыргызстандын 96 жаранына пенсиялык топтоолор боюнча бир жолку төлөмдөр берилди. Бул тууралуу Социалдык фонддон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жалпы 129 жаран Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан акча алуу үчүн кайрылган. Алардын ичинен 96сына төлөм жүргүзүлүп, 33ү чечимди күтүп жатат.

Белгиленгендей, төлөм орточо 3 642 АКШ долларын түзөт. Бул акчаны Кореяда мыйзамдуу иштеп, пенсиялык төгүмдөрдү жүргүзгөн жарандар гана ала алышат.

Булак: koom.press