Бишкек, "САЯСАТ.KG". Окуя 16-июль күнү саат 14:40 чамасында катталган.
Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда жайгашкан газ куюучу станцияда катуу жарылуу болуп, анын кесепетинен өрт чыккан. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, окуя 16-июль күнү саат 14:40 чамасында катталган. Жарылуу жана өрттүн кесепетинен төрт адам каза тапканы расмий тастыкталды. Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча берилген жок. Жарылуу болгон аймакка ИИМ, ӨКМ прокуратуранын жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү барып, алдын ала тергөө иштери башталганын мекеме маалымдады.
Булак: koom.press