Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 558

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.

Алясканын жээгинде күчү 7,3 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) билдиргенин Известия жазды.

Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Американын 1 миң кишиси бар Санд-Пойнт шаарынан 66 км түштүктө жана 298 миң адамы бар Анкоридж шаарынан 953 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.

Кошумчалай кетсек, цунами коркунучу тууралуу билдирүү АКШнын океандык жана атмосфералык изилдөөлөр боюнча улуттук башкармалыгынын (NOAA) сайтында жарыяланган.

Булак: Кабар