Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жамгырдан улам метро станцияларын суу каптап, айрым каттамдар убактылуу токтотулду.

АКШнын Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарында нөшөрлөгөн жаан айрым аймактарда суу ташкынына алып келди. Бул тууралуу бир катар чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты.

Жергиликтүү бийлик катуу жаандын кесепетинен Нью-Йорк жана Нью-Жерсидеги бир нече райондо өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Нью-Йорктун бардык беш районуна сел коркунучу тууралуу шашылыш эскертүү таратылды.

Жамгырдан улам метро станцияларын суу каптап, айрым каттамдар убактылуу токтотулду. Ошондой эле бир нече ири жолдор жабылып, унаа кыймылы чектелди.

Суу ташкынынан аэропорттор да жабыркап, учуулар жана конуулар боюнча чектөөлөр киргизилди. Учурда жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана суу азайгандан кийин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Булак: koom.press