Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жер титирөөнүн очогу Түштүк-Чыгыш Малуку аймагынан болжол менен 170 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.

Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:49да Индонезиянын Малуку провинциясынын жээгинде 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги Индонезиянын Метеорология, климатология жана геофизика агенттигинин маалыматына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Түштүк-Чыгыш Малуку аймагынан болжол менен 170 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Ал эми тереңдиги 108 чакырымды түзгөн.

Индонезия Тынч океандагы от шакекчесинде жайгашкандыктан, сейсмикалык активдүүлүктөн көп жабыркайт.

Булак: Кабар