Бишкек, "САЯСАТ.KG". Алиев менен Пашиняндын сүйлөшүүсү болжол менен беш саатка созулган.

Кечээ, 10-июлда Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жолугушуу өттү. Чет элдик басылмалар жазышкандай, жолугушуу  Абу-Даби шаарында өтүп, анда эки өлкөнүн мамилелерин жөнгө салуу маселелерин талкууланды. 

Лидерлер эки тараптуу байланыштарды улантуу боюнча макулдашканы жана чек араны делимитациялоо ишин улантуу боюнча мамлекеттик комиссияларга тапшырма берди. 

Алиев менен Пашиняндын сүйлөшүүсү болжол менен беш саатка созулган.

Азербайжан тарап кошумча шарттарды коюп жатат. Алардын катарында ЕБСЕнин Минск тобун таркатуу, Армениянын Конституциясына өзгөртүү киргизүү, анын ичинде Тоолуу Карабах тууралуу бөлүктөрдү алып салуу маселеси да бар. 

Булак: koom.press