Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул партия — Британия тарыхындагы эң ири алтынчы кокаин партиясы болуп эсептелет.

Гватемалада 2,5 тонна кокаин менен бара жаткан кеме кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Бернардо Аревало билдиргенин Известия агенттиги жазды.

Президенттин айтымында, кемеден 2 581 килограмм кокаин, (265 миллион кецаль же болжол менен 35 миллион АКШ доллары) табылган. Ал бул операцияны быйылкы жылдагы эң ири баңгизат кармоо окуясы катары мүнөздөдү.

Буга чейин, 28-июнда Британиянын бир портунда 2,4 тонна кокаин (баасы болжол менен 100 млн фунт стерлинг же 137,2 млн доллар) кармалган. Бул партия — Британия тарыхындагы эң ири алтынчы кокаин партиясы болуп эсептелет.

Булак: Кабар