Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 610

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Илон Маск социалдык тармакта жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 65% жаңы партия түзүүнү кубаттаган.

Америкалык миллиардер Илон Маск жаңы “Америка” деген саясий партия түзөрүн жарыя кылды. Бул тууралуу ал Х социалдык түйүнүндө жүргүзгөн сурамжылоодон кийин чечим кабыл алганын жазды.

“Көз карандысыздык күнү өзүбүзгө эки партиялуу (айрымдар бир партиялуу дешет) системадан көз карандысыз болгубуз келеби деп суроо койгонго ыңгайлуу убакыт”, - деп жазды Маск 4-июлда.

Анын айтымында, бул максатка жетүүнүн бир жолу - "Сенаттагы эки-үч орунга жана Өкүлдөр палатасы үчүн сегиз-он округга көңүл буруу".

Илон Маск социалдык тармакта жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 65% жаңы партия түзүүнү кубаттаган. Кийинки күнү миллиардер партия түзүү чечими кабыл алынганын жар салды.

Буга чейин Маск менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Бул Масктын Өкмөттүн эффективдүүлүгү боюнча департаменттин (DOGE) башчылыгынан кеткенден кийин башталган. Маск Трамп сунуштаган бюджет мыйзамына жана салык жеңилдиктерин узартуу боюнча демилгеге ачык нааразычылыгын билдирген.

Ал эми Трамп бул мыйзамды "чоң жана мыкты мыйзам" деп мүнөздөсө, Маск аны "жийиркеничтүү жорук" деп атап, бул документтин кабыл алынышы АКШнын ансыз да өсүп жеткен мамлекеттик карызын кескин көбөйтөт деген пикирин айткан.

3-июлда АКШ Конгресси бул мыйзам долбоорун бекитти, ал эми Трамп ага АКШнын Көз карандысыздык күнүндө кол койду.

Булак: Азаттык