Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 631

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Селдин кесепетинен жабыркагандардын саны 100дөн ашты.

Индиянын түндүгүндөгү Химачал-Прадеш штатында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 51 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. 

Андай жазылгандай, селдин кесепетинен жабыркагандардын саны 100дөн ашты. Мындан сырткары учурда 22 адам дайынсыз болууда. Штатта 400дөн ашык жол жабылып, көптөгөн турак үйлөр, көпүрөлөр, электр чубалгылары жана айыл чарба жерлери жабыркады.

Химачал-Прадеш штатында жаан-чачын мезгили июндун аягынан сентябрга чейин созулат.

Булак: koom.press