Бишкек, "САЯСАТ.KG". Мээнин күчтүү сезгенишине жана дем алуу органдарында ооруларды пайда кылышы мүмкүн.
Кытайдын Юньнань провинциясындагы эндемикалык ооруларды көзөмөлдөө институтунун окумуштуулары адамзат үчүн кооптуу болушу мүмкүн болгон эки вирусту аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул вирустар "Нипах" жана "Хендра" вирусуна генетикалык жактан жакын болуп, мээнин күчтүү сезгенишине жана дем алуу органдарында ооруларды пайда кылышы мүмкүн.
Төрт жылга созулган изилдөөнүн алкагында адистер Юньнань провинциясынын беш районундагы 10 түргө таандык 142 жарганаттын бөйрөк ткандарын изилдешкен. Жогорку тактыктагы ДНК секвенирлөө ыкмаларын колдонуу менен окумуштуулар жалпы 22 вирусту аныкташкан, анын 20сы мурда белгисиз болгон.
Алардын ичинен өзгөчө тынчсыздануу жараткан эки вирус Henipavirus тукумуна кирет. Дал ушул тукумга өлүмгө алып келген "Нипах" жана "Хендра" вирусу кирет.