Бишкек, "САЯСАТ.KG". 20 адамдын ичинде 12 өспүрүм бар
АКШнын Түштүк Каролина штатындагы көлгө чагылган түшүп, 20 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, 20 адамдын ичинде 12 өспүрүм бар. Чагылган кечээ, 24-июнда бороон учурунда болгон.
Өзгөчө кырдаал кызматынын маалыматына караганда, 8 адам жана 12 өспүрүм токко урунган.
Округ бийлигинин билдиришинче, жабыркагандардын ичинен 12 адам жергиликтүү ооруканага жеткирилген, учурда алардын өмүрүнө коркунуч жок.