Коңшу имараттын батирлери жарым-жартылай жабыркаган.

Күн мурун Армениянын чыгышындагы Чамбарак шаарындагы көп кабаттуу үйдө газ жарылып, алдын ала маалыматтар боюнча беш киши каза болуп, 11и ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Синьхуа маалымдады.

Маалыматка караганда, жарылуу имараттын 3-кабатындагы батирлердин биринде газдын чыгышынан улам болгон. Жарылуудан улам экинчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттардагы батирлер урап түшкөн.

Мындан тышкары, коңшу имараттын батирлери жарым-жартылай жабыркаган.

“Жаракат алгандардын үчөө Еревандагы медициналык мекемелерге жеткирилген. Калгандарынын абалы орто деп бааланууда. Окуянын кесепеттерин жоюу үчүн жергиликтүү мэрияда жумушчу топ түзүлдү”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.