Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 650

Жердин силкинүүсү катуу деп бааланууда.

Эгей деңизинде күчү 5,9 баллга жеткен зилзала катталды. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Эгей деңизинин акваториясында Родос шаарынын түндүгүнөн 14 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Алтай-Саян филиалынын оперативдүү маалыматына караганда, жердин силкинүүсү катуу деп бааланууда.

АКШнын Геологиялык кызматы болсо, жер титирөө 5,8 баллды түзгөнүн айтты.