Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 608

Эки өлкөнүн жарандары бири-бирине 30 күнгө чейин визасыз бара алышат.

2025-жылдын 1-июнунан тартып Өзбекстан менен Кытайдын ортосунда визасыз каттам ишке кирди. Бул туурауу UZA агенттиги билдирди.

Ага ылайык, эми эки өлкөнүн жарандары бири-бирине 30 күнгө чейин визасыз бара алышат.

Ушуга байланыштуу 2-июндан тарта Ташкенттеги «Узнацбанктын» бардык алмашуу пункттарында кытай юанын сатып алуу жана сатуу мүмкүнчүлүгү ачылды.

Аэропорттогу алмашуу жайлары жүргүнчүлөр үчүн учуп кетүү жана учуп келүү бөлүмдөрүндө жайгашып, күнү-түнү иштеп жатат. Бул шарттар сапарга чыгууда же кайтып келгенде юанды ыңгайлуу алмаштырууга жол ачат.