Бишкек, "САЯСАТ.KG". Кароль Навроцкий 51 пайыз добуш менен жеңишке жетти

Польшага ким президент болору белгилүү болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кечээ, 1-июнда Польшада өткөн президенттик шайлоодо талапкер Кароль Навроцкий 51 пайыз добуш менен жеңишке жетти. Бул тууралуу польшалык TVP каналы билдирди.

Ал эми анын атаандашы, Варшава шаарынын мэри Рафал Тшасковский 49 пайыз добуш алган. Биринчи турда Тшасковский 31,36 пайыз, ал эми Навроцкий 29,54 пайыз добушка ээ болгон.

Кечээ кечинде Польшада президенттик шайлоонун экинчи туру боюнча добуш берүү аяктады.

Экинчи турдагы расмий жыйынтык 100 пайыз бюллетендер эсептелгенден кийин – дүйшөмбү кечинде же шейшемби күнү жарыяланат.