Кырсык Чиребон районундагы Бобос айылында болгон.
Бүгүн эртең менен Индонезиянын Батыш Ява провинциясында карьерди басып калган жер көчкүдөн кеминде жети адам каза болуп, 12 киши жарадар болуп, үчөө дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги Маманг-Фатмоно райондук издөө-куткаруу башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн маалыматына таянуу менен жазды.
Маалыматка караганда, кырсык Чиребон районундагы Бобос айылында болгон.
“Окуя болгон жерден жети адамдын сөөгү табылды. Учурда дайынсыз жоголгон үч адамды издеп жатабыз.Издөө-куткаруу иштери уланууда”,- деген Маманг-Фатмоно райондук издөө-куткаруу башкармалыгынын ыкчам бөлүмү.