Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бакудан Грозныйга учуп бара жаткан
Казакстандын транспорт прокуратурасы Актауда урап түшкөн Azerbaijan Airlines, учагынын кара кутусу табылганын маалымдады.
"Кулаган учактын кара кутусу табылды", — деп айтылат маалыматта.
Бакудан Грозныйга учуп бара жаткан Embraer 190 учагы 25-декабрда эртең менен Казакстандын батышындагы Актау шаарына жакын жерде кулаган.
Кырсыктын себептерин иликтөө боюнча комиссиянын башчысы Канат Бозумбаевдин айтымында, лайнердин кыйрашынан 38 адам каза болгон.
Бортто жалпысынан экипаждын беш мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон,
Алардын арасында 16 орус, анын ичинде 11 жаштагы кыз, 37 Азербайжан, алтоо-Казакстан, үчөө — Кыргызстадын жарандары болгон.