Бишкек, "САЯСАТ.KG". «Эмбрайр190» учагы Баку шаарынан Грозный шаарына учуп бара жаткан.

Бүгүн, 25-декабрда Казакстандагы Актау аэропортунун жанына жүргүнчү ташыган учак кулады. Бул тууралуу «Tengri.news» жазды. Маалыматка ылайык, «Azerbaijan Airlines» компаниясына тиешелүү «Эмбрайр190» учагы Баку шаарынан Грозный шаарына учуп бара жаткан.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до «Казаэронавигацияга» экипаждан учакты башкарууда меселе жаралганы тууралуу билдирүү түшүп, авариялык конуу жасоого уруксат суралган. Алдын ала маалымат боюнча, Каспий деңизинин үстүнөн учуп бара жатканда учактын кыймылдаткычына куш урунган болушу мүмкүн.

Учакта экипаж менен биргеликте жалпы 67 жүргүнчү болгондугу маалымдалды. Ал эми 12 адам аман калып, оорукага жиберилген. Жеринде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 54 куткаруу тобу иш алып барууда.