Бишкек, "Саясат.kg". Анда айтылгандай, мурдагы президенттин жакын тууганын эл кармап алып, шаардын башкы аянтына чогуу асып ташташкан.
Сириянын Латакия шаарында Башар Асаддын жакын тууганы Сулейман Хилал Асадды асып салышты. Бул тууралуу Sondakika жазып чыкты.
Анда айтылгандай, мурдагы президенттин жакын тууганын эл кармап алып, шаардын башкы аянтына чогуу асып ташташкан.
Эске салсак, 27-ноябрда Сирияда бийликке каршы козголоң башталган. 7-декабрда бир нече ири шаарларды козголоңчулар басып алышкан. Ал эми 8-декабрда Башар Асад президенттик тактысын таштап, өлкөдөн үй-бүлөсүн алып чыгып кеткен. Учурда ага Россия башпаанек бергени маалым болду.
Ушул жылдын 9-августунда Сулейман Хилал-Асадга байланышкан чуулгандуу окуя болгон. Ал жаш офицер менен жолдо кайым айтыша кетип, анан аны жубайынын, балдарынын көзүнчө атып таштап, эч нерсе болбогондой сапарын улаган. Бирок бул кылмышы үчүн эч кандай жазага тартылган эмес.