Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 1419

Бишкек, "Саясат.kg". Бирок Путин Асад менен жолугушууну карай элек. 

Россиянын президенти Владимир Путин Сириянын мурдагы лидери Башар Асадга жана анын үй-бүлөсүнө башпаанек берүү чечимин кабыл алганын президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Бирок ал белгилегендей,  Путиндин расмий графигинде азырынча Асад менен жолугушуу жок экенин айтты.

Ошондой эле Песков  Сириядагы россиялык базаларды сактап калуу жөнүндө сүйлөшүү эртелик кылаарын белгилеген. "Бул Сирияны жетектей тургандар менен талкуулоочу тема", - деген ал.