Бишкек, "Саясат.kg". Анда Россия Сирия кризисин чечүү үчүн дайыма саясий чечимдерди издөөнү колдоп келгени белгилеген.

Сириянын президенти Башар Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү гуманитардык негизде Москвага келип, аларга башпаанек берилди. Бул тууралуу Интерфакс жеке булактарына таянып жазып чыкты. 

Анда Россия Сирия кризисин чечүү үчүн дайыма саясий чечимдерди издөөнү колдоп келгени белгилеген. Ошондой эле, мындай кадам БУУнун көзөмөлү астында сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо зарылчылыгынан жасалганы да айтылган. 

"Орус бийлиги Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү менен байланышта, алардын лидерлери Сириядагы орус аскер базалары менен дипломатиялык мекемелеринин коопсуздугуна кепилдик берген", - деген булак.

Ал Сирия элинин кызыкчылыгы үчүн саясий диалогдун улантылышына жана Россия Федерациясы менен Сириянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө үмүттөнөрүн билдирген.